Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Укук коргоо жана сот органдары менен бизнестин ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн кийинки реформаларды ишке ашыруу абзел”

Бөлүшүү:

«Укук коргоо жана сот органдары менен бизнестин ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн кийинки реформаларды ишке ашыруу абзел», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 12-февралда, Бишкекте өткөн Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы Башкы прокуратурага тиешелүү мыйзамдык өзгөрүүлөрдү киргизип, кылмыштуулукту алдын алуу механизмдерин өнүктүрүү тапшырмасы берилерин, экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбой, экономикалык механиздерди колдонуп, чыгымдарды калыбына келтирүү менен жоопкерчиликке тартуу жолдорун колдонуу зарылдыгын белгиледи.

«Мындан мамлекет да, жаран дагы зыян көрбөйт. Жогорудагыларды эске алып, Башкы прокуратура тарабынан текшерүүнү жүргүзүүнүн негизги принциптери, текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурдагы чектөөлөр жана тартиптер так бекитилиши керек. Ишкерлер менен текшерүүчү органдардын ортосунда фильтр болуп, прокуратура органдары негизсиз текшерүүлөргө жол бербөөсү талап кылынат. Сот системасында каралып жаткан инвестициялык чыр-чатактарды жөнгө салуу механизмдери жакшыртууну талап кылат. Соттук реформанын алкагында адистештирилген соттордун жана сотко чейинки өндүрүш практикасын киргизүүгө мезгил жетти. Соттордун адилет чечим чыгаруусун камсыздоо жана айрым экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу абзел», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Жогорку соттун пленуму тарабынын соттук тажрыйбаны жалпылаштыруу жана мыйзамдарды колдонуунун бирдейлигин камсыз кылуу талап кылынаарын, жүрүп жаткан соттук-укуктук реформалардын негизги максаты — бул мыйзамдуулуктун жана акыйкаттулуктун үстөмдүгүн орнотуу экенин эске салды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: