«Мадина» базарында соода кылган 37 жаштагы жаш ишкер Абдурахеман Хуфурдун өлүмү боюнча жети киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, кармалгандардын төртөө ишкерди өлтүрүүнү уюштурган, ал эми үчөө кылмышты жаап-жашырган деп шек саналууда. Экөө мурдагы милиция кызматкери болуп иштеген.
Эске сала кетсек, ишкер Хуфур Абдурахмен 4-октябрда өзүнүн машинасы менен Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аны туугандары издеп,5-октябрда анын жоголгону тууралуу Свердлов РИИБге И.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 37 жаштагы агасы Хуфур Абдурахмен 4-октябрда, саат 18:00 чамасында «Мадина» базарынан «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа менен үйүнө кеткен боюнча жоголгон.
Арадан аз өтпөй анын ак түстөгү «БМВ Х5» унаасын кара түскө боёп сатуу аракети болгон, анын артынан түшкөн милиция Сосновкадан унаа Таласка айдалып баратканда кармашкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ