Дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын жансыз денеси Москвадан табылды. Аны автоунаа сүзүп кетип, алган жарааттарынан каза болуп калган. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Орусиядагы КР ИИМинин өкүлчүлүгүнө Таш-Көмүрдүн тургуну 30 жаштагы агасын издеп кайрылган. Ал мекендешибиз 18-октябрда жумуштан чыккан соң, дайыны чыкпай кеткен. Ал Москвада 2012-жылдан бери тамак-аш жагында иштеп жүргөн экен.
Аныкталгандай, 19-октябрда Москванын Большая Серпуховская көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан кырсык болуп, белгисиз жөө кишини автоунаа сүзүп кеткен. Аны Н.Пирагов атындагы шаардык ооруканага жеткиришкен, бирок ал эсине келбей көз жумган. Сөөгүн өлүкканага жиберишкен. 29-октябрда бир тууганы агасын тааный алды. Азыр туугандары аны Москвадан алып келүүгө тийиштүү документтерди даярдап жатышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ