39 жаштагы К.Х. аттуу таксисттин жансыз денеси “Манас” аэропортунун жанындагы машинанын багажынан табылган. Ага шектүүнүн бири кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда күч түзүмдөрүндөгүлөрдүн жеке булактары журналисттерге билдирген.
Эске сала кетсек, 22-октябрда 39 жаштагы К.Х. аттуу таксист Honda Accord машинасы менен үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып барган эмес. Өлтүрүлгөн күнү ири суммадагы акчасы болгон. 23-октябрда Комсомол айылынын тургуну милицияга кайрылып, бир тууганы жоголуп кеткенин айткан. Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон таксисттин машинасын аэропорттун жанынан табышкан. Багажнигинен кишинин сөөгү чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ