Menu

Исаковдордун күңгөйү менен тескейи

Бөлүшүү:

Исмаил акенин таржымалын саясатчылар эле эмес коомчулук жакындан билет. Алыска барбай эле Бакиевдин заманына токтолсок ал үчүн «кара сызык» түшкөнүнө күбө болобуз. Көңүлгө толбогон генералдын башына кара булут айлантып, түрмөгө тыгып салышкан билермандар. Бактысы тоодой экен бийлик алмаштыруу жүз берип, азаттыкка чыккан. Ал тургай убактылуу өкмөттүн курамына кирип, катаал кезде салымын кошууга үлгүргөн. Убактылуу өкмөт ишин токтоткон соң парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесине кирип, эл өкүлү болгон. Бирок, негедир бийлик тараптан ыдык көрүп алтынчы чакырылышта бул киши көрүнгөн жок. Учурда ар кайсы комиссиянын курамына алынып, өз деңгээлин аныктап жатат. Арийне, кары адамдын калыстыгы элдин таразасына сөзсүз коюлат. Ошондуктан ошол вазийпасын татыктуу аткарса болгону…

Сапардын өлкөдөгү үчүнчү адамга айланганы боюнча түркүн пикирлер токулууда. Бири татыктуу кадр болчу десе, айрымдар тескерисинче ийрилген кептерин чаргытат. Отуз тогуз жашында бийик даражага жеткен Исаковдун тагдыры минтип кетээрине көзү ачыктар деле баам салбаптыр. Антсе да кадыресе такшалуу мектебинен өтүп, көздөй кадрлардан болгонун эч ким танууга акысы жок. Сары бала өкмөт башчы болгондо күйпөлөктөп кошомат кылып жүргөндөр кырдаалга жараша түздөнүшүп ал тургай сынык кептерин удургутушуп калганы биздин элиталардын эки жүздүүлүгүн билдирет. Анын башына чоң сыноо түштү. Эми анын жыйынтыгы кандай эптелгени боюнча акыры бир күнү кабардар болобуз дечи. Антсе да акыйкат чечим болор бекен деген тынчсыздануу жаралганын жашырууга мүмкүн эмес. Бийликтин укуругу узун болот турбайбы…

Каныбектин түштүктүн борборундагы ырыстуу иштери тууралуу билчүбүз. Ош мамлекеттик университеттин абройун көтөргөнү боюнча жакшы пикирлер бар болгондуктан ал ортон колдой кадрлардын сабына алынып, азыркы бийликтин башчыларынын, депутаттардын колдоосу аркылуу өтө чиеленишип кеткен, чыр-чатактуу тармакка министр болуп келди. Биротоло сазга белчесинен баткан жерди айыктыруу оңойго турбайт. Анын үстүнө кылдан кыйкым табалбай тургандар көз ачып жумгуча сыйлыкты талдабай берет экен, басса эле мүдүрүлөт тура деген «түрмөктөрүн» шурудай тизмектеп жиберишти. Чындыгына келгенде сынчыл, чырчыл болуп кеттик. Ошентсе да орток министр, баарына чыдап өзүңүздүн дараметиңизди, көрөгөч жетекчи экениңизди айгинелеңиз. Сабырдуу болуп, эски калдыктардан тазаланып, жаңыланууга барыңыз.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: