Иран ислам республикасында 5 күндөн бери бийликке нааразы болгон эл толкуп, наразычылык акциялары улам кеңейип баратат.
Алгач 28-декабрда чыккан акциялар тоок эти менен жумуртканын кымбатташына каршы болсо ал тез эле от алып, 29-декабрда өлкөдөгү коррупцияга каршы, 30-декабрдан баштап саясый талаптарга айланып кетти. Эми демонстранттар жакырчылыкка, теңсиздикке, экономикадагы кризиске, Иран бийлигинин Россия менен союздаш болуп, мусулман өлкөлөрү Сирия жана Ирактагы согуштарга катышуусуна каршы чыгып жатышат.
Бүгүнкү күнгө чейин митингдер өлкөнүн 90 шаарына жайылып, борбору Тегеранга чейин жетти, акцияларда 20 адам каза болду.
Митингичилер полициянын машиналарын өрттөп, өздөрүн ташбараңга алышууда. Ирандын Жогорку лидери Али Хаманеинин сүрөттөрүн айрып, портреттерин өрттөп, эстеликтерине сийип жатышат. “Хаменейге өлүм!”, “Россияга өлүм!” деген чакырыктар көбөйүүдө.
Полиция ушу күнгө чейин 400дөн ашык митингичилерди камакка алганына карабастан митингичилердин саны улам көбөйүп баратат.
https://www.youtube.com/watch?v=DIIJePaG_7U
https://www.youtube.com/watch?v=Qlpc_1FBlKc
https://www.youtube.com/watch?v=E9fFLmvktv0
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ