“31-октябрда коомдук палатанын мүчөсү Султан Хамзаев Дагестан элдерине карата жаман сөздөрдү айтканы үчүн мушкер Макгрегорду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды. Өткөн аптада ирландиялык мушкер Москвада басма сөз жыйынын өткөрүп, бир катар ачуу сөздөрдү сүйлөгөн”, – деп жазат РИА Новости.
Хамзаев Орусиянын башкы прокурору Юри Чайкага кайрылып, мушкердин расисттик сөздөрү бүт дүйнөгө тарап кеткенин белгилеген.
“Биз анын дагестани элинен расмий кечирим сурашын талап кылабыз. Биз фашизмди муунтуп келгенбиз жана муунта беребиз. Ал трештокинг технологияларын колдонорун жакшы түшүнөбүз. Макгрегор европалык, а Европа коомчулугу бирөөлөргө кантип жашоо керектигин үйрөткөндү жакшы көрөт. Биз аларга кантип жашаш керектигин үйрөтүп кое алабыз. Дагестан Орусиянын кичинекей бөлүгү. Конордун сөзү – расизм. Анын сөздөрү саясый өңүттө болду. Аны бирөө даярдап алып келгендей. Биздин өлкөдөгү ички абалды ал кайдан билсин?” – дейт Хамзаев.
Эскерте кетсек, Макгрегордун кийинки мушташы Лас-Вегас шаарында 2020-жылдын 18-январында өтөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ