Табият кырсыгынан өзгөчө Лейлек, Аксы, Өзгөн райондорунун жашоочулары чыгым тартышты. Бактыга жараша бул ирет адам өмүрү кыйылган жок. Өкмөт да жабырлануучуларга колдон келишинче, мүмкүнчүлүктүн болушунча жардамын берип жатат. 14-майда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен Баткен облусунун Лейлек районундагы сел кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчыга жабыркаган турак-жайларды, социалдык объектилерди жана чарбалык маанидеги имараттарды калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун маалыматына ылайык, Лейлек районунун беш калктуу пунктунда 11 турак-жай жана 14 социалдык обьекти жабыркаган. Ал эми 4 унаа өтүүчү көпүрө сел алуу коркунучунда турат. Ал ошондой эле, учурда бардык зарыл атайын техника жыйналып, ӨКМ жана жергиликтүү калктан кеминде 200 адам ишке тартылганын билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калыбына келтирүү иштерин ыкчам аткарууну, ошондой эле алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышынан калкты коргоо чараларын көрүүнү тапшырды.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ