Бүгүн парламенттин жыйынында төрагалыкка талапкер Чыныбай Турсунбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, элге убада берүүдө абайлап мамиле кылуу керектигин билдирди. “Элге берген убадаларды аткарышыбыз керек. Эгер аткарбасак кийинки шайлоодо алар биздин ордубузга башка адамдарды шайлап коюшу мүмкүн. Ошондуктан убада бергенден кийин аны аткара албай калып, кийин ичиңер оорубашы керек”, – деди Турсунбеков.
Эске сала кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште спикер шайлоо маселеси каралып жатат. Төрагалыкка КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Исхак Масалиевдин талапкерлиги каралууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ