Мындай учурда Билим жана илим министри Каныбек Исаков жергиликтүү бийликке, Бишкектин билим берүү департаментине же Бишкек шаардык кеңешине кайрылуу сунуш кылды.
Ал 1-ноябрда “Биринчи радиого” түз эфирге чыгып, Раздольное айылындагы №95 мектепте мугалимдер дале окуучулардан акча чогултуп жатканын, ата-энелерден турган вотсап-чатына жазып же окуучу аркылуу ата-энесине кат жазып берип жатышканын айткан.
“Бишкекте дагы абал ошондой. Мага мугалимдердин акча чогулткандары боюнча кайрылгандардын 90%ы дал Бишкек мектептеринен болуп жатат. Бишкектин билим берүү депуратаменти Билим берүү министрлигине карбайт, алар Бишкек мэриясына баш иет. Кимди дайындай, каржы маселеси – аларда автономдуу укук. Мен министр катары билим берүү сапатын талап кылам. Бул маселе боюнча мэрияга кайрылганбыз. Бишкек шаардык кеңеши да бул маселени талкуулап жатат”. – деди министр. Анын айтмында, бул маселени тартипке салуу керектигин, Бишкектеги мептердин көпчүлүк жетекчилери Билим берүү министрлигинин буйругун аткарбай жатканын кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ