Бир күндүн ичинде Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө 284 бейтап кайрылып, анын 256сы балдар болуп чыккан. Бул тууралуу 4-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“89 киши жаткарылып, анын 81и жаш балдар. Ичегисин толгогон инфекциясы менен 101 бейтап кайрылып, аны 49у жаткарылды, амбулатордук дарылоодон 52 бейтап өткөн”, – деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ