“Ак өргөө” конушунун Ашар көчөсүндө жаңы медициналык амбулаториянын курулушу башталды. Бул тууралуу 4-ноябрда Бишкек мэриясы билдирди.
Борбордун курулушу үчүн 0,56 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Бир кабаттуу имарат эки имараттан туруп, галеря менен бириктирилет. Бул жайда врачтар кабыл алган бөлмөлөр, көзөмөлдөп дарылоочу кабинет (учукка каршы), үй-бүлөлүк медайымдар үчүнт мануляциялык кабинет, УЗИ, жана башкалар болот.
Объектини “АТК Атай” курулуш компаниясы тургузат. Долбоор 7 млн сомду түзгөн. Каржылоо милдетин өзүнө КРдагы Катар кайрымдуулук фонду алган. Келишимге ылайык курулуп бүткөндөн кийин мекеме Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына өткөрүлүп берилет.
“Ак өргөө” Бишкектеги эң ири жана алгач конуштардын бири. Азыркы учурда ал жерде 21 миң 744 киши катталган, чоңдор – 13 миң 992 киши, өспүрүмдөр – 1 миң 339, балдар – 6 миң 416.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ