Menu

Пандемия: оору жуктургандардын 80 пайызга жакыны айыгып кетишет

Бөлүшүү:

2018-жылы Токио үчүн эгер мегаполисте инфекция тарап кетчү болсо кандай чараларды көрүү керектиги тууралуу окуу китебин даярдаган япониялык белгилүү инфекционист врач Сато Акихиро коронавируска каршы кандай чараларды көрүү керек экендиги боюнча ой бөлүштү.

«Коронавирустун жаңы тиби менен ооруганда жашы улгайып калган адамдарда өлүм көп болот. 80 жаштан жогоркулардын арасында өлгөндөр 16-17 пайызды түзөт. Эгер бул тумоо жылда кайталанчу болсо, чоң проблеманы жаратат. Ал эми жаштар үчүн ал өтө деле коркунучтуу эмес» дейт врач. Мисалы, Италияда жаңы типтеги коронавирустан өлгөндөрдүн 98 пайызы 60 жаштан жогорку курактагы кишилер. Сато мырзанын айтымында, кары-картаңдарды эле «эл көп чогулган жерлерге барбагыла» деп чектеп койгон туура эмес, бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары үчүн эреже болууга тийиш. «Жаштар үйгө инфекция алып келип, карыларга жугузушу мүмкүн. Картаң ата-энеси бар үй бүлөлөргө «эл көп чогулган жерлерге барбагыла» деп кеңеш берээр элём. Көчөгө өтө зарыл иштер менен: бирдеме сатып алыш, ишке барыш үчүн гана чыгып, колдон келишинче өз унааңа түшүп, же жөө басып, ал эми метрого, электричкаларга, автобустарга жолобош керек. Статистика жаштар тез айыгып кетишерин көрсөттү. Оору жуктургандардын 80 пайызга жакыны айыгышты. Башкача айтканда, калктын 80 пайызы бул илдетти суук тийгендик сыяктуу эле көтөрөт» дейт инфекционист.

Сато мырзанын пикиринде, өлүмдү азайтуунун дагы бир маанилүү фактору саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү болуп саналат. Бул үчүн ооругандардын санынын көбөйүү темпи жай жүргөндөй кылуу керек. «Чараны ооругандардын саны аз кезде көрүш керек. Америкадан, Италиядан, Түштүк Кореядан айырмаланып, Япония ооругандардын санынын өсүшүн жай кыла алды. Жаңыдан оору жуктургандар күн сайын катталган күндө деле күнүгө кимдир бирөө айыгып, чыгып кетет. Натыйжада, саламаттык сактоо системасы кырдаалды көзөмөлдөп үлгүрөт. Ооругандардын өсүү темпи канчалык жай болсо, медициналык мекемелердин оор абалда жаткандарга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү ошончолук көп болот. А эгер ооругандардын саны тез, вертикалдуу көбөйсө, анда медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүн болбой калган бейтаптар пайда болот. Ушул чекке жеткирбеш керек» деп эсептейт эпидемиолог.

Анын көз карашында, «калктын 60-70 пайызы коронавирус илдетине чалдыгышы ыктымал» деген божомол туура эмес. Оорунун стихиялуу толкуну каптаганда гана ушундай болушу мүмкүн, азыр болсо өлкөлөрдүн баары инфекциянын жыйылуусуна бөгөт коюш үчүн чараларды көрүп жатышат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: