2020-жылдын 29-октябрында Берлин шаарында, КРнын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Э.Абдылдаев Германиянын Бундестагындагы Борбордук Азия тобунун төрагасы, депутат М.Грунд жана аталган топтун мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев шайлоодон кийинки мезгилдеги окуялардын өнүгүшү, Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтүнүн туруктуу иштеши, ошондой эле президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү пландары, өлкөбүздөгү конституциялык реформа жөнүндө маалымат берди.
Бундестагдын депутаттары Кыргызстандагы демократиялык процесстердин жана парламентаризмдин чыңдалышына германиялык тарап кызыкдар экендигин баса белгилешти.
Төрага М.Грунд өзү башында турган Борбордук Азия тобунун атынан кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташтыгын колдоого даяр экендигин жана эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин Кыргызстанга баруу ниетин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ