Menu

Сокулуктун тургуну майыптарга өзүнүн эки кабат үйүн белекке берди

Бөлүшүү:

Ушул тапта Чүй облусунун Сокулук районунда социалдык шаарчанын курулушу башталган. Бул тууралуу Сокулук районунун акиминин орун басары Токтобүбү Ракинбаева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, долбоор 2014-жылы башталган. Анда “Жаш майыптар” уюмуна Маданият үйүнүн жертөлөсү бөлүнүп берилген. “Имаратттын дертөлөсүндө кийим тигүү цехи, эмерек жасаган цехтер бар. Ал жакта майыптар иштешет. Эми айыл өкмөтү  бөлүп берген жерге демөөрчүлөрдүн жардамы менен үч кабат үй курула баштады. 2020-жылдын майында бүтүп калат деп турабыз. Жанында бөлүнгөн жер тилкесинде эки кабаттуу там турат, анын ээси – Улан Жусупов. Ал үйүн майыптарга белекке тартуулап олтурат. Өзү дагы 5 сотка жер бар. Анын ээси сатам деп жатат. Өзү ортозаар жашаган киши. 3-ноябрдан 3-декабрга чейин марафон өткөрүп, өзүбүздүн бир күндүк айлыгыбызды да бөлүп берип, марафонго ишкерлерди катыштырып, ушу майыптарга жер тилкесин сатып алсак деп жатабыз”, – дейт Т.Ракинбаева

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: