Menu

Асылбек Жээнбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Биз учурунда Атамбаевди коркконубуздан эмес, ага ишенгенибиз үчүн колдогонбуз”

Бөлүшүү:

20-мартта чукул өткөзүлгөн КСДП фракциясынын жыйыны кожоюндун планына жараша өтпөй калганы маалым болду. “Биз съездге даярдануу боюнча гана суроолорду талкууладык” деп жыйындан кийин Иса Өмуркулов соороткону менен, фракцияга катышкан Фарид Ниязовдун чыгып баратканда, өңү бозоруп кеткени видеорепортаждан даана көрүнүп турду.

Биз мурунку сандарыбызда кабарлагандай эле, Алмазбек Атамбаев резиденциясындагы дачасына депутаттарды жана саясатчы, коомдук ишмерлерди бирден чакыртып, күнүнө 15-20дан кабыл алып атканы каңкууланган. Аны билген кишилер “бул өмүрүндө мынча катуу иштеген эмес” деп таңкалып атышканычы? 17-март, ишемби күнү Мээрбек Мискенбаевдин оозу менен “Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек” деп так гана кожоюн өзү талап койгондой элестүү образдын жаралганы — саясый кырдаалга чок ташталгандай болду. Эми болсо “мен фракция мүчөлөрүн беш сыйрадан сүйлөшүп, көңдүрүп койдум, баары дапдаяр, сен барып контролго алсаң эле, Асылбекти жалгыздатышат” деп Фаридди фракцияга жөнөткөнбү? Бирок, ал ойлогондой болмок турсун, тескерисинче, фракция толугу менен Асылбекти колдоого алганы, азыркы КСДП мурункудай Атамбаевдин менчик короосу эмес, бир канча кожоюн пайда болгону ачыкка чыкты. Жыйын башталып-баштала электе эле, таластыкча беттен чабар Рыскелди Момбеков адатынча Фаридди катуу кагыптыр: “Биз баарыбыз билебиз, ким макалаларды гезиттерге бастыртып, шайлаган президентибизди жамандатып, партия биримдигин бузуп, мискенбайларды уюштуруп жатканын, ошонуңду токтот!” деп. Эң оболу, кайран Рыскелди кесе чаап, жыйындын анык максатын башынан эле бузуп салыптыр: “Мандат тууралуу сөз кылбагыла, аныңар эч колдоо таппайт” дептир. Андан кийин Асылбек дагы сүйлөп, мурунку ажого таарынычын айтып, жарылыптыр: “Биз учурунда Атамбаевди коркконубуздан эмес, ага ишенгенибиз үчүн колдогонбуз. Ал дагы эми бизден шекшинбей, ишениши керек” деген экен. Фарид ошондо эле бозоро түшүп, “жок, бул суроо жыйындын повесткасында жок, мен силерге өкмөттү талкуулоо үчүн келдим, Алмазбек Шаршеновичке премьер-министр Сапар Исаков даттанып атат, ал дайындаган кадрларды силер оппозициядан бешбетер сынга алып атасыңар” деп айтып алып, күтүлбөгөн жерден депутаттардын төө бастысында калыптыр. Бир дагы депутат калбай, Ирина Карамушкина менен Чыныбай Турсунбеков баштап берип, баардыгы өкмөттүн ишин катуу сынга алып, тим эле эзип салышыптыр. Фарид Ниязов блокнотуна баардык айтылган сөздү жазымыш болуп, депутаттарга “сөзүңөрдү кожоюнга жеткизем” деп кыр көрсөткөнүнө карабастан, бирөө дагы Сапарга болушпаптыр. Иса Өмүркулов: “Биз уят болдук, өкмөттүн бир дагы өздөрү мактана алчу, же биз мактай турган нерсеси жок” деп айтыптыр.

Иши кылса, бул фракция уюштурулбаганда, Атамбаев “партиянын баары мени колдойт” деп жүрө бермек экен, анткени ага кирип чыккан депутаттар жалгыздан аны менен макул болуп, бирок чогулганда, коомчулукта бирөөсү дагы тапшырмасын аткарбаптыр. Фарид башында фракцияга чоң начальниктей кирип, ишенимдүү Соке менен Асылбекти катардагы партиялаш катары сынга алса, аягында кызарып-татарып, жыйынга келгенине өкүнүп, сууга түшкөн чычкандай араң басып чыгыптыр. Албетте, “бул фракциянын жыйыны толугу менен саясатты өзгөртүп коёт же болбосо ушу менен Атамбаевдин бийлиги урады” дегенден алыспыз. Ал дагы кандайдыр бир күтүүсүз кадамдарга барышы мүмкүн. Партия деле анын көзөмөлүндө азырынча. Бирок ал жок жерден жарыялаган “согушу” иш жүзүндө пайдасына чечилбей, таасири тайып калганын көрсөтүп койду. Партия съездине чейин он күн калды. Он күн мурун “бизде саясат ушунча өзгөрүп кетет” деп бирөө айтса, ишенмек эмеспиз. Эми ушул кыска убакытта эмне болуп кетерин ким билет? Күтө туралы. Буюрса, кызыктын баары али алдыда.

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: