Menu

Сайпидин Момунов, таза суу департаментинин директорунун орун басары: “Бүгүнкү күндө 69 айылга таза суу берилди. 584 айыл таза сууга муктаж”

Бөлүшүү:

Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду. Бүгүн, 4-ноябрда таза суунун ачылыш аземи болуп өттү. “Ас-салам” кайрымдуулук фонду атайын Түркиядан бургулоочу машина алып келип, 4 миллион 626 миң сомго, 330 метр тереңдиктен артезиан суусун чыгарып берди.

Ачылыш аземине катышкан Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов дагы Маевка айылынын тургандарын куттуктап, демөөрчүлүк кылган кайрымдуулук фонду “Ас-саламга” жана анын жетекчиси Нурмухамед Минбаевге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал азыр канча айыл таза суу менен камсыз болгонун жана боло турганы боюнча айтып өттү.

Таза суу болсо, ден соолук болот. Президентибиз Сооронбай Шариповичтин айтканы менен “Таза суу” долбоору түзүлүп, четинен ишке ашып келатат. Эл аралык донорлордун жардамы менен дагы кошумча каражат табылып, таза сууга муктаж болгон бардык айылдарга бөлүштүрүлүүдө. Бүгүнкү күндө 69 айылга таза суу берилди. 584 айыл таза сууга муктаж. Бул маселе 2023-жылга чейин толук чечилет деп пландап жатабыз. Себеби, калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүн улуттук стратегиясы бар. Таза суу тармагын өнүктүрүү боюнча иш пландары 2026-жылга чейин бекитилген. Бирок, президентибиз бул маселени 2023-жылга чейин бүтүрүүнү тапшырган. Кудай буйруса, 2023-жылга чейин бүтүрөбүз. 2018-жылдын эсеби менен ичүүчү суу 69 айылга киргизилди. Бул жылы бюджеттен 500 миллион сом бөлүнгөн, анын 300 миллиону жумшалды. Каражаттын калган бөлүгү которулса, ушул жылдын аягына чейин дагы 44 кыштак таза суу менен камсыз болот“, — дейт С. Момунов.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо учурунда (2017-жылы) Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылууга убада кылып, президенттик мөөнөтү бүткүчө аткарарын айткан жана айтып келүүдө.

Премьер-министр М.Абылгазиев да калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча ага тиешелүү жетекчилерди чогултуп, жыйындарды байма-бай өткөрүп, долбоорду тезинен ишке ашырууну талап кылып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: