Кыргызстанда жасалма документ жасап, уруксат берилген салмактан оор жүк ташыган эки автоунаа кармалды. Бул тууралуу 5-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстандан келген RENO жана DAF деген оор жүк ташыган автоунаалардын документтеринде 40 тонна сабиз жүктөлүп келатканы айтылат, а текшере келишсе, күрүч болуп чыккан.
Салмагын тартышса, экөө биригип 100 тоннаны түзгөн, бул уруксат берилген нормадан кыйла жогору. Салык менен салмак көзөмөлүнүн жетекчилери күрүчтү сабиз деп каттап, ашыкча салмагына карабай, автоунааларды өткөрүп жиберишкен. Азыр кылмыш иши ачылып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ