Menu

“Кепилдик фонду” Нарында этнокомплекс курат

Бөлүшүү:

Азыркы тапта “Кепилдик фонду” ААКсы Нарын облусунда эки долбоорду колдолгону калды. Алар инвестициялык бизнес-долбоорлорду тандаган мамкомиссия тарабынан жактырылган. Бул тууралуу 5-ноябрда аталган фонд билдирди.

Негизинен комиссияга үч долбоор көрсөтүлгөн, бирок бирөөсүн кайра иштөөгө жөнөтүшкөн. Бринчи долбоорго ылайык, Нарындагы Салкын-Төр капчыгайында этнокомплекс курулуп, региондун туристтик борборуна айланат. Экинчиси кийиз өндүрүшү боюнча долбоор. Кол өнөрчүлөрдү керектүү жабдыктар менен камсыз кылып, ошондой эле мал союучу цехке жабдыктар алынып берилет.

Белгилей кетсек, Кепилдик фонд Нарын жана Баткен облустарындагы ишкерлердин бизнес-долбоорлорун даярдаганга көмөк көрсөтүп, акчалай жардам кылат. Сентябрда фондду жетекчилиги жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана ишкерлер менен жолугуп, ишканаларды өз жеринде көрүп келишкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: