8-ноябрдан баштап күн жылый баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Кыргызгидромет билдирүү таратты.
Алардын билдирүүсүнө, 8-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот.
10-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жааса, тоолуу райондоруна кар түшөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектерин туман каптап, жолдор тайгак болот.
11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ