Кырсык Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда болду. 3-ноябрда Орозобеков көчөсүнүн 2-үйүнүн короосунан түштөн кийин саат 16.00 чамасында «Тойота Секвойя» жолтанбас 3 жашар баланы байкабай тебелеп кеткен. Бечара бала ошол жерден жан берген.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, окуяны каттап, көзөмөл камералардагы кадрларды алышкан. Азырынча Бишкек ШИИБиси так маалымат бере элек.
Көргөндөрдүн айтымында, үйлөр жаңы салынган кабат тамдар. Балдардын коопсуздугу үчүн короо тосмо менен курчалган, автоунаалар өзүнчө жайга токтойт. Дарбаза ачылып, короого жолтандабас кирип келатканда, балдар аянтчасында ойноп жүргөн кичинекей бала чоң энесин көрүп калып, аны көздөй чуркап жөнөгөн. Кирип келе жаткан Тойота Секвойянын айдоочусу баланы көрбөй калган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ