Импорттук товарлардын ордун баса турган ишканалар ачылып, айрымдары иштөө алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондусунун башкаруучулугунун төрагасы Эркин Асрандиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен ишканалардын кээ бири ишке киргени жатса, дагы бири иштеп жатат. Андагы товарлардын бир бөлүгү экспортко кетет.
Кыргызстанга товар көбүнчө Казакстандан келет. Алкоголсуз суусундуктарды чыгарган жаңы ишканага да Казакстандан товар кирет. Учурда тетрапакетке куюлган сокторду чыгарган завод иштеп жатат. Жакында анын расмий ачылышы болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ