Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмасы менен өсүмдүктөрдүн карантини боюнча департаментке Баткен менен Жала-Абадда лаборатория куруу үчүн 29 млн 979,9 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу 7-ноябрда Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Мындан тышкары лабораториянын курулушу Нарын облусунда жүрүдөө, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория Ош облусунда аяктап калды. Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айылында контейнерлерди орнотуу үчүн дер тилкеси даярдалып, өткөрүлүп берилди. Ал жерде эки адис күзөттө турат”,- деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ