Menu

АШАнын тушунда да үй-бүлөлүк башкаруу болгон, буга баласы Сеиддин кылганы далил!

Бөлүшүү:

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаевге таандык “Автомаш-Энерго” ишканасынын документтери Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 2015-жылдан ушул кезге чейин бул компаниянын ишмердүүлүгү салык органдары тарабынан текшерилген эмес. Ушул жылдын 23-августунда райондук сот “Автомаш-Энерго” ЖЧКсынын мүлкүн камакка алуу тууралуу токтом чыгарып, салыктык текшерүү дайындалган.

“2003-жылы “Кыргызавтомаш” ААКнын директорлор кеңеши электр энергиясын дүңүнөн алып сатуу менен алектенчү “Автомаш-Энерго” деп аталган туунду компания негиздеген. 2004-жылы Атамбаев негиздөөчүлөрдүн курамына уулу Сеидбек Атамбаевди киргизген. Ушу тапта ага аталган фирманын 75 пайыз үлүшү катталган. Мындан улам быйылкы жылдын 23-августунда “Автомаш-Энерго” ишканасы камакка алынып, салыгын текшерүү каралган. Бирок фирманын жетекчилиги ушу кезге чейин ар кандай шылтоо менен салык органдарына керектүү документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, алардын ишине тоскоолдук жаратып келген”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан улам 31-октябрда Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде аталган ишкананын тиешелүү документтерин алуу аракеттери жүргөн.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев ишканасы акыркы жылдары мамлекетке 25 миллион сом салык төлөгөнүн, азыр акыркы саясий окуялардын аркасы менен  рейдерлик басып алуу аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

Ал эми эл арасындагы имиштерге ылайык, Сеид Атамбаевдин “Автомаш-Энерго” компаниясы атасы президент болуп турганда ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясын ит бекер алып, аны кайра коммерциялык ишканаларга сатып акча жасоо менен шугулданат. Башкача айтканда, кол жоорутуп, бел оорутпай, асмандан эле миллиондогон сом акчаларды жасайт. Эми бул жагын тиешелүү текшерүүчү органдар ачыкка чыгарышат бекен же Шадиевдин “Ала-Арча” соода комплексиндей сатылып кетти… болобу?!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: