Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бул кызматка бекем олтурбай жатып, ойго келгенди жасай баштады көрүнөт. Башка министрлер кол алдындагылардын айлык акысын көтөрүүгө кызыкдар болсо, бул министр ансыз да аз айлык менен иштеп жатышкан ак халатчандардын, атап айтканда Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлеринин айлыгын кыскарта чабууну көздөп турат. Чолпонбаевдин “чоң реформасы” мына ушундай экен. Министрдин бул аракетине нааразы болгондор министрликтин имаратынын алдына митингге чыгышты. Космосбек мырза мындай аракеттерди ишке ашыра турган болсо, аны ылдам эле “космоско” учурушат го.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ