«Кыргызстан» фракциясында «Чемпион» каймана атындагы Урмат Самаев аттуу депутат бар. Эсиңерде болсо, президент Атамбаев демилгелеген Конституцияга дал ушул жигит алгачкылардан каршы добуш бергени менен көңүлдө калган болчу. Негизи «Чемпион» контрабандист катары байып, кийин Токмоктон таасирин күчөткөнү ыраспы? Дал ушул жигит кээде чектен чыгып кетеби, айтор, улам эле артынан ар кандай шек-шыбырларды ээрчитип алмайы бар. Маал-маалы менен депутат Самаевге караштуу балдарды Токмок ГОВДсынын начальниги Максат Чойбеков камакка алып, мыйзам чегинде жазалап келгенин угуп калчубуз. Өткөн жумада болсо, полковник Чойбеков өзү ГОВДдан депутат Самаев менен «сүйлөшүп», акыл-насаатын айтып, алдын ала профилактикадан өткөзүп койгону ырасталды. Ошондо депутатты «тарбиялаган» полковник Максат мырзада дух вагон турбайбы… Тарыхта мындай окуялар болду беле?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ