Menu

Фото — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү, «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин жана Өкмөттүн Аппарат кызматкерлери 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү Мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын Эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту.

Ошондой эле 2010-жылдын апрелинде курман болгондорду эскеришип, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалына гүл коюшту, куран окулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: