Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Конституцияга өзгөртүү киргизилбейт, ыйгарым укуктарым кеңейтилбейт!”

Бөлүшүү:

Салт болуп калгандай, президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн жолугушууда президентке бир катар суроолор берилип, өлкө башчысы аларга өз жоопторун берди. Төмөндө президенттин айрым жоопторун сунуш кылабыз.

Атамбаев мыйзам чегинде тергөөгө келип, сурак бериши керек болчу.

– Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап кетүүгө мен буйрук берген эмесмин. Ал тергөөгө күбө катары келип, сурак бериши керек эле. Өзүңөр билгендей, тергөөчүлөрдүн бир нече жолку чакыруусуна жооп болбоду. Анан тергөөчү күч менен алып келүү чечимине келиптир. Азыр бул маселе боюнча комиссия иштеп жатат. Парламентте талкуу болду. Дагы болот. Андыктан тигил же бул күнөөлүү, жоопкерчиликти тартыш керек деп айтуу туура эмес болуп калат.

Бизде кол тийбестер болбошу керек.

– Конституциялык соттун чечимин аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз. Мен түшүнүп турам, эртең менде да ушундай окуя болушу мүмкүн экенин. Эртең менде да мындай болбосу үчүн 6 жылдык президенттик мөөнөттө таза иштегенге аракет кылам. Мыйзамды бузган иш кылса, кылмыш кылса эртең жооп берерин ар бир адам билиши керек. Бизде кол тийбестер болбошу керек.

Кландык башкарууну болтурбайм, андай болбойт.

– Менин бир туугандарым боюнча маселе аябай талкууда. Негизи, эл дагы, анын ичинде мен дагы үй-бүлөлүк башкаруудан коркуп калгам. Бирок мындай болбойт. Иса Өмүркулов президенттик шайлоодо менин ишенимдүү өкүлүм болгон эле. Ал шайлоочулар менен жолугушууда: “үй-бүлөлүк башкаруу болот деп коркпогула, баласы кичине, ал чоңойгуча Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүтөт”- деп айткан. Чын эле, уулум кичине, 5-класста окуйт. Бир туугандарга келсек, атам менен апама рахмат, баарыбызды жогорку окуу жайларында окутту. Иним Асылбек тууралуу да талкуулар көп болуп келе жатат. Ал мен президент болгонго чейин эле депутат, андан кийин спикер болду, аны менен сыймыктанам. Бирок бизде ушундай жазылбаган мыйзам бар, бири-бирибизге кийлигишпейбиз. Туугандарым иштерге аралашып жаткан фактылар болсо айткыла, иниме, туугандарыма чара көрөм. Кландык башкарууну болтурбайм, андай болбойт.

Раимди мага жармаштыруу туура эмес

– Раим боюнча айтсам, аны дайыма мага жармаштырууга аракет кылышат. Албетте, мен аны билем. Мен губернатор болуп шайланганда, Азимбек Бекназаров маселе көтөргөн. Ошондо Раим бажы төлөмдөрүн 156 пайызга жыйнаган. Андан кийин аны жетекчиликке дайындашты. 24-ноябрда мен президенттик кызматка кириштим, ал 23-ноябрда Бажы кызматынын төрага орун басары кызматынан кетти. Бирок баары эле аны мага жармаштырууга аракет кылып келишүүдө. Бул туура эмес. Ал 2 жылдан бери жумушсуз жүрөт. Анын агасы өзүңөр билесиңер, парламенттин депутаты.

Мен эл менен биргемин

– Президент болуп шайлангандан бери менин атымы пайдаланган жалган туугандар, жалган кудалар көбөйүп кетти. Андайларга ишенбегиле. Мына Султанбеков деген (Темирлан Султанбеков – Алмазбек Атамбаевдин соратниги): “Сиз ким менен экениңизди аныктаңыз – эл мененсизби же туугандарыңыз мененби?”- деп айтыптыр. Мен ким менен болоруму эчак аныктагам. Мен эл менен биргемин. Алардын каалагандары эмне? Бир ууч коррупционерлерди коргошум керек беле? Андай болбойт! Мен тандоому эбак кылгам, элди тандагам.

Эч кандай референдум болбойт

– Менин референдум өткөрүп, ыйгарым укуктарымы кеңейтүү же Конституцияга өзгөртүү киргизүү ниетим жок. Биздин өлкөдө парламенттик башкаруу формасы өкүм сүрөт, парламенттик башкаруу системасын өнүктүрүшүбүз керек.

Соттор мыйзам чегинде чечим чыгаруусу кажет

– Мен сотторго: “дайыма мыйзамдын чегинде гана чечим чыгаргыла”- деп айтып келем. Алар: “Ак үй эмне дейт?”- деп сурашат. Ак үй эч нерсе дебейт. Мурда боло келгендей, азыр соттордун чечимдерине кийлигишүү, басым көрүнүшү жок. Соттор өздөрү  каалаган, бирок мыйзамга таянган чечимдерди чыгарышсын. Ал чечимдер үчүн соттор өздөрү жооп бере турганын унутпашы керек.

Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн оппозиция сөзсүз болушу зарыл

– Мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн оппозиция сөзсүз болушу кажет. Бизде күчтүү оппозиция бар. Кыргызстандагыдай оппозиция эч жерде жок. Бизде жарандык коом аябай активдүү, партиялар бар. Бизде бул жагынан коркунуч жок.

Ошол эле Жогорку Кеңешке шайлоого 9 %дык босоголук чек тууралуу айта турган болсом, шайлоого чейин дагы убакыт бар, учурда парламенттик фракциялардан ар кандай сунуштар түшүп жатат.

Аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалат

– Жакында президенттик кызматка келгениме 2 жыл болот. Эки жылдыкты жыйынтыктоочу маалымат жыйын жылдын соңунда өткөрүлөт. Бирок кандайдыр бир жыйынтыктарды айтып кетейин. Мен өз алдыма үч милдетти койгом: аймактарды өнүктүрүү, жумушчу орундарын түзүү жана аймактардагы бизнести өнүктүрүүгө шарттарды камсыз кылуу. Бул милдеттерди аткардык. Ар бир облуста жаңы ишкана ачтык. Нарында, Таласта, Ысык-Көлдө сүт заводдору ишке киргизилди, бир эле завод 1 млрд. долларлык сүт сатып алат. Өлкөдөн сыртка чыгып кеткендер кайрылып келе башташат, анткени, жумушчу орундары түзүлүүдө. Жаштар кайрылып келишет.

Мугалимдердин айлыктарын 30 %га көтөрдүк, эми дарыгерлердики көбөйөт. Театрлар, жана башка социалдык объекттер ремонттон өткөрүлүп атат.

Инвестициялык климатты жакшыртуу багытында чоң иштер жасалууда. ТИМ инвестицияларды тартуу менен иш алып барууда. Айрымдар инвестиция кетип атат деп айтыптыр, бирок сандарды карасаңар, алар өсүп атат.

Тышкы карыздар жеке көзөмөлүмдө

– 2023-2024-жылдары мамлекеттик карыздарды жабууга 38 млрд. сом жумшалат. Акыркы 5 жылда биз көп кредит алдык. Эгерде карыздар ИДПга карата 60 %ды түзгөн болсо, биз аны 48 %га түшүрдүк. Каржы министрлигинде атайын бөлүм түзүлгөн. Кредит менен салынып аткан жолдордун баарын бүткөрүшүбүз керек. Биз кредиттерди жана гранттарды тартып атабыз Муну улантуу керек, бул экономика үчүн жакшы. Мамлекеттик карыздар боюнча маселе жеке көзөмөлүмдө турат. Кредиттер экономиканын көпчүлүк чөйрөсүнө, айрыкча таза суу менен камсыз кылуу, ирригация маселесине керек.

Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолу керек

– Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолу боюнча негизги маселелер чечилген. Бул маселеде түшүнүүчүлүк бар, бул темир жол керек экенин баарыбыз билип атабыз. Мурда темир жолду куруу боюнча түшүнүүчүлүк жок болчу. Бул маселеде төртүнчү тарап катары Россия колдоого алууда. Учурда шарттарын макулдашып жатабыз. Башкысы, саясий чечим кабыл алынды. Кыргызстан тараптын өзүнүн бул маселеде көрүүсү (видение) бар, биз учурда анын үстүндө иштеп жатабыз.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: