Муну айта албайбыз. Бирок саясат таануучу Кайрат Осмоналиев президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен коррупционерлерден кайтарылган акчаларды топтоо үчүн ачылган атайын эсептеги акчалар максатсыз жумшалып жатышы ыктымалдыгын айтып чыкты.
Анын айтымында, атайын эсепти ачуу идеясы эң туура болгон. Бирок эсепке түшүрүлгөн акчалардын жумшалуусу ачык көрсөтүлүп, жарандар билип, кабардар болуп туруш керек. Каржылык кылмыштардын негизинде кымырылган каражаттар конкреттуү муктаждыктарга, максаттуу иштерге жумшалып жатканын элге көрсөтүү зарыл. Мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар. Эсептеги акчанын ачыкташ үчүн серепчи атайын сайтты ишке киргизүүнү сунуш кылды. Ошондо жарандар сайтка кирип, онлайн режиминде мамлекеттен уурдалган акчалардын каякка которулуп, эмнелерге жумшалып жатканын билип турушмак. Бул биринчиден, акчанын максатсыз жумшалуусун алдын алса, экинчиден элдин Өкмөткө болгон ишеничин арттырмак.
Кайрат мырзанын айтканына кошулбай коюуга болбойт го. Болбосо, коррупционерлерден “кустурулган” акчалар кайра эле уурдалып, кимдир бирөөлөрдүн, капчыгына кетпей атат дегенге ким кепилдик бералат?
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ