Menu

Казакстан каржы министри: антиорусиялык санкциялар бизге түз таасир этпейт

Бөлүшүү:

Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов Орусияга каршы киргизилген санкциялар Казакстанга «түз таасир этпейт» деп эсептейт. Анын пикиринде, санкциялык шартта казакстандык товар өндүрүүчүлөр Орусия базарына чыгуу мүмкүндүгүнө ээ болушат.

Султанов теңгенин кунунун түшүүсү рублге байланыштырылып жаткандыгы жана өлкө Евразиялык экономикалык биримдиктен чыгышы керектиги жөнүндөгү пикирлер тууралуу берилген суроого ЕАЭБди түзүү демилгеси Астанага таандык болгонун айтты. «Ошондуктан уюмга мүчө өлкөлөр бул тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди улантышы керек. Мындай чоң базар аркылуу келечекте глобалдык каатчылыктарга каршы турууга мүмкүн болот», – деди Султанов.

Министр ошондой эле доллардын кымбатташы азырынча «республикалык бюджетке таасир этпей турганын» билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын бюджети бир доллар 340 теңге деген көрсөткүч менен эсептелип түзүлгөн. Жыл башында валюта курсу бул көрсөткүчтөн төмөн болгондуктан, азыр бюджеттин параметрлерин кайра карап чыгуу зарылдыгы жок.

Августта АКШ Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын Британияда ууландырылышына байланыштуу Москвага каршы санкцияларды киргизген. Лондон нервди шал кылуучу зат менен ууландыруу үчүн жоопкерчиликти Орусияга жүктөгөн. Москва бул айыптоону четке кагып келет. Санкциялардын фонунда орус рубли кескин төмөндөп, анын артынан казак теңгеси да арзандай баштаган. 6-сентябрда Казакстан фондулук биржасында өткөн соодалашууда доллардын орточо баасы 371,80 теңгени түздү. Эки ай мурда бул көрсөткүч 342-343 теңге болуп турган.

Казакстан Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев өкмөттүн 4-сентябрдагы жыйынында антиорусиялык санкциялардан улам өлкөдө инфляция кийинки жылы дагы өсүп, белгиленген чектен ашып кетиши мүмкүн экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: