Ушинтип журналист Турат Аким өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты:
“Бишкектин четине курула турган акыр-чикирди кайра иштетүүчү долбоорго 22 млн евро бөлүнгөн, анын 6,2 млн евросуна завод курулат.
Азиз Суракматов мэрия чогулушунда: “Эмнеге мынча кымбат?” деп сурады.
“6.2 млн еврого же 9 млн долларга 5 миң чарчы метрге фабрика куруп койсо болот. А бу жерде – болгону чоймо конвейер орнотулат, эл кол менен акыр-чикирди сорттойт. Буга ким ишенет, ыя?” деди.
Азырынча мэр Азиз Суракматов тендер-шмендерге каршы, бирок аны өкмөттөгү үлкөн чиновник көндүрүп коюшу мүмкүн, ал азыр шайлоого аябай акча издеп жаткан кези”.
Журналист агабыз кайсыл үлкөн чиновникти айтып жатат, ыя?
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ