Menu

Депутат Исхак Масалиев мыйзамын чакыртып алды

Бөлүшүү:

Депутат Исхак Масалиев парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык барьерди 3кө чейин түшүрүү боюнча долбоорун чакыртып алды. Бул тууралуу эл өкүлү өзү билдирген.

Масалиев мындай чечимге башка кесиптештери менен сүйлөшкөндөн кийи келген. Пикиринде 5 пайыздык босо чек туура болот.

“Ооба мен босого пайыздын 3кө түшүшүн колдогом. Менин бул сунушумду Өмүрбек Текебаев жана Адахан Мадумаров колдогон. Тажрыйбалуу саясатчылар 3 пайыз эң эле оптималдуу шарт экенин түшүнүп турушат. Бирок алар Жогорку Кеңеште эмес жана добуш бере алышпайт”,- деди Масалиев.

Ошондой эле эл өкүлү депутаттардын басымдуусу 9 пайыздык барьерди түшүрүүнү колдошоорун кошумчалаган.

Парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык босого чек коомчулукта катуу талкууга алынып, учурда иштеп жаткан депутаттардын дарегине кескин сындар айтылып жатат. Мындан улам өткөн аптада бир топ депутаттар бул көрсөткүчтү түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан болчу. Кандай болсо да 9 пайыздык чекти азайтпаса, шайлоо алдында чоң чыр чыгышы мүмкүн.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: