Саламаттык сактоо министри Батыралиевдин шиши толду деп Жогорку Кеңеште кайрадан коңгуроо кагышып, анын ашмалтайларын иликтөө үчүн депутаттык топ иштеп баштады. Саламаттык сактоо мекемелериндеги канча бир миллион сомдук найза бойлобогон көмүскө иштеринен тышкары кесипкей жетекчи ак халатчандарды ар кандай шылтоолор менен оңду-солду шыпырып иштен алып, алардын ордуна “бул Ак үйдөгү айымдын кадры” деген шылтоо менен өз кадрларын шыкап жатканын ЖоКеге арызданып келишкен.
Министр мырзанын ЖоКедеги килемге түшүшү биринчи жолу эмес. Буга чейин да бир нече ирет суудан кургак чыгып кеткен. Демек Ак үйдөгү айымы жонуна балыктын майын массаждап, телефонду “чулуң-чулуң” эттиртип, депутаттарды “… кыскыла” деп жатса керек. Бир ай күтүп көрөлүчү.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ