Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгынын урматына «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси флешмоб өткөрдү. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, иш-чаранын максаты жашоочулардын мекенчилдик сезимдерин күчөтүү жана мамлекеттик тилди үйрөнүүгө алардын кызыгуусун арттыруу. Катышуучуларга тест варианттары сунушталып, кыргыз тилинин лексикалык нормаларын жана грамматикалык эрежелерин иш жүзүндө колдоно билүү, маалыматты угуп жана окуп түшүнүү, оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүү жөндөмү бааланган. Тесттин жыйынтыгы менен катышуучуларга чакан белектер ыйгарылды.
Эске сала кетсек, 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Ошол макамга ээ болгонубузга быйыл туптуура 30 жыл толду. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана даңазалоо максатта маданий иш-чаралар уюштурулууда…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ