Menu

“Чет элдик агент жөнүндө” мыйзамга каршылар митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Парламенттин профилдик комитетинде “Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканына байланыштуу Ак үй алдында укук коргоочулар митинг өткөрүшүүдө.

Акцияга чыккандардын бири “Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер, регламент комитетинде кворум жок болгонуна карабай депутаттар мыйзам долбоорун карашууда. Мындан башка депутаттар тийиштүү тараптарга алдын ала маалымат бербей, жашыруун күн тартибине маселени алып чыгып жатышканын сындады.

“Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам долбоору 5-чакырылыштын айрым депутаттары тарабынан демилгеленип, былтыр биринчи окууда кабыл алынган. Бүгүнкү комитеттеги талкуудан кийин ал 14-апрелге Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына чыгарылганы жатат. Демилгечилер пикиринде, бул мыйзам өкмөттүк эмес уюмдардын ачык-айкын иштешине шарт түзөт.

Укук коргоочулар эгер аталган мыйзам кабыл алынса Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланарын айтып тынчсызданууда

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: