Балыкчы шаарында прокуратура кызматкерлери менен Балыкчы шаарынын жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын бөлүмүнүн кызматкерлери ортосунда мушташ чыккан. Бул тууралу Генпрокуратуранын басма сөз кызматы да тастыктады.
Маалыматка караганда, окуя 22-декабрда болгон, анда жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкери “Ак-Кеме” постунда күзөттө турганда, ага «Мазда» унаасы менен мас абалындагы прокуратура кызматкерлери келишип, аны сүзүп кетүүгө аракет кылышкан. Натыйжасында алардын ортосунда мушташ чыгып, жол сакчылары абага эскертүү иретинде ок чыгарган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.
КР Генпрокуратурасынын билдиргенине караганда бул фактыга байланыштуу райондун прокурору жана мушташка катышкан эки прокурордук кызматкер кызматтарынан айдалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ