Menu

Азикеңдин кезектеги “соодалашуу” аракетиби?

Бөлүшүү:

Өлкөдө Элдик Курултай институту аркылуу бийликти оңдоп алууга болоорун айтып келишкен курултайчылар жакынкы аралыкта митинг өткөрүшөөрүн айтышууда. Буга чейин Элдик Курултайды өткөрүү 14-декабрда болоору айтылган болчу. Бирок, курултайчылардын башында турган А.Бекназаровдун атка жеңил тайга чак чабарманы Айбек Бузурманкул уулунун билдирүүлөрүнө караганда, ал жыйын 24-ноябрда өтөөрү айтылууда. Эмнеге убакытты бери жылдырышканы да коомчулукка табышмак болуп, айрымдар А.Бекназаровдун бийлик менен соодалашуу амалы ойноп жаткандыгын айтышууда. Чындап эле элге таянган Элдик Курултайчылар дагы өздөрүнүн ички биримдигинин жоктугун көрсөтүп, болжолдонгон жыйындын бери жылып кетишинен кабарлары жок экенин айтып чыгууда. Курултайчылардын бири Мамбетжунус Абыловдун пикирине келсек, ал 24-ноябрдагы Элдик жыйындан анчейин кабары жоктугу, Бекназаров жеке өзү ошондой ойлорду айтканын, антпесе бийлик эсептешпесин да кыйытканын басылмалардын бирине берген маегинде айтат.

“14-декабрда Элдик Курултай өткөрүү туралуу биздин Аткаруу комитеттин бул чечимин колдойм деп айтып, анан жыйындын акырында мен өзүм 24-ноябрда Лениндин эстелигинин алдындагы аянтка эл топтоп митинг өткөрөм деп А. Бекназаров бизге айткан. Мындай жолго барбаса Жогорку Кеңеш конституциялык реформа жана референдум маселелерине тиешелүү көңүл бурбайт деген ал. Бирок, аянтка топтолгон элдин ичине тополоң чыгарууга кызыктар адамдар да кирип кетишин биз эске алып, Аткаруу комитеттин мүчөлөрү А. Бекназаровдун бул айтканын добушка да койгон эмес. Добушка салса да анын мындай калоосу бизден колдоо таппасын билип, ушул калоосун добушка салгыла деп ал өзү да бизден талап кылган эмес. Анан А. Бекназаров 10 миң кишини аянтка чогултат деген маалыматты жергиликтүү сайтган мен да окуп таң калдым. Эске сала кетейин, А. Бекназаров көрүнгөнгө балта сап боло берип оозу абдан күйүп калган тажырыйбалуу саясатчы. Эми ал бирөөлөрдүн азгырыгы менен элди көчөгө алып чыгаарына мен ишенбейм. Ал биз көтөрүп жаткан элдин, өлкөнүн көйгөйлүү маселелерине өкмөт менен парламент тарабынан суз мамиле болуп жатканына кыжаалат болуп, элди көчөгө алып чыгам дегенге барып жатат деген пикирдемин. Себеби биз койгон маселелерге президент С. Жээнбековдон башка бир да бийлик бутагы тиешелүү көңүл бурбай жатканы чындык. Бекназаров менен Жогорку Кеңештин төрагасы Д. Жумабековдун жолугуудан баш тартып койгону, А. Бекназаров менен жолуккандан кийин, премьер-министр М. Абылгазиев өкмөт антип айткан эмес деп гезит аркылуу А. Бекназаровду калпычы көрсөткөнгө далалат кылганы Бекназаровдун ушундай кадамга баруусуна түрткү болду деп ойлойм”-дейт Абылов.

Эгер Курултайчылардын өздөрүнүн 24-ноябрдагы Элдик жыйыны боюнча кабары болбосо, анда Азикебиз кимдерди алып чыгып, кимдер менен уюштураганы жатканы кызык. Кыязы, курултайчылардын ичи деле тынч эмес окшойт да. Бул аракеттер Азикеңдин кезектеги “соодалашуу операциясынын” бири окшоп калды. Буга чейин, Жерүй кени боюнча өтө турган Таластагы жыйын дагы Бекназаровдун тымызын аралашып, алардын арты менен “соодалашуу” жүргүзүп жатканы билинип, ал жыйын башка учурга жылдырылган болчу. Кала берсе коомдо “Бекназаров уулун ак үйгө аттантып, анан өзү элчиликти алып карылыкка моюн сунуп, тынч жашоо кылат экен” деген кеп тарап, уулу ак үйгө жетип, өзү элчи болбой калган болчу. Кайран кызмат, “карышкырды” кайра эле капсалаң кейипке кептеди окшойт…

Булак: “Факты.кж

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: