Бишкектеги “Ош” базары тараптагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 8-ноябрда, саат 18:45 чамасында «102» кызматына маалымат түшүп, патрулчулар жөнөтүлгөн. Айтылган дарекке барышканда, Бишкек шаарындагы Краснознамен көчөсүндөгү (“Ош” базары жактагы) үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жергиликтүү жашоочулар маркумга алгач медициналык тез жардам чакырышкан. Көз жумгандан кийин милицияга маалымдашкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ