Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Салиев Талантбек Тагаевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Талантбек Салиев 1975-жылы туулган, жогорку билимдүү. 1997-жылдан тартып улуттук коопсуздук органдарында түрдүү кызмат орундарда анын ичинде жетекчилик кызматтарда кызмат өтөп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ