Menu

Кызыл-Кыянын мафия жолдору

Бөлүшүү:

«Санжыра» борбору республикабыздын 7 облусунун 453 айыл округунун 1906 айыл-кыштактарын жана 29 шаарларын кыдырышып, андан сырткары чет өлкөлөрдө Евразиянын 58 мамлекеттер, республикалар, автономиялык облустар жана райондордо жайгашкан эл арасындагы ар кандай кызыктуу тарыхый-санжыра окуяларды жана архивдик материалдарды чогултушуп, кыргыздын 40 томдук тарыхый-санжыра китептерин жазышууда. Буга чейин Баткендин — 212, Таластын — 93, Чүйдүн — 347, Ысык-Көлдүн — 168 айыл-кыштактарын кыдырып бүтүштү.

Ушул айыл-кыштактарды кыдырууда, айрыкча түштүктүн эң алыскы аймагы болгон Баткен облусуна сөзсүз түрдө Ош, Ноокат, Кызыл-Кыя, Кадамжай аркылуу авто жолду басып өтүүгө туура келет.

Ош облусунан чыгып Ноокат аркылуу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Муниципалдык аймактык жолу “бисмилла” деп башталганда эле 3 жылдан бери курулбай, талкаланган табышмактуу жолго туш болосуң, бул жол Ош – Баткен – Исфана облустар аралык жолу, ушул кыска аралыктагы жол “табышмактуу коррупционерлер жолу” деп атасак, эч жаңылбайбыз, ал эми коррупциялык жол схемасын чынбы же жалганбы атайы тергөө иштери же эсептөө палатасынын адамдары гана барып аны аныктап өз нугуна коет деген ойдомун.

Баткен элинин багына 13-апрель 1999-жылы облус ачылып, дээрлик 20 жылдан бери Ош – Баткен – Исфана авто жолдору акырындык менен 97 пайызга жакыны заманбап талапка ылайык дээрлик асфальт төшөлүп, жол эреже белгилери бетон мамычаларынан бери орнотулуп, жол кыйла оңолуп калган. Бирок, ушул гана Кызыл-Кыя шаарына тиешелүү жол 3 жылдан бери Ош – Баткен – Исфана авто жолунун 94,0 км. ден 114,0 км. ге чейин жолдун жарымы бүт узун тилкесинен казылып, туурасы мурункудан да кысылып ичке жол, одуракай таштуу жол, чаң жол, чуңкурлуу жолго айланып, андан айдап өткөн автомашинанын сөзсүз түрдө ходовой запчасттарын талкалдбаса да үлүштүк багытта автотетиктериңди талкалоого мажбур болосуң.

Негизи ар бир райондун жол участокторун ошол райондордо жайгашкан ар бир ДРП мекемелери карап, жолдо болгон көрсөтмөлүү жол белгилерин коюшуп, негизи жол тегиздигиндеги ар кандай нерселерди учурунда тазалап туруу ушул райондук ДРП мекемелеринин милдеттери болуп саналат. Ал эми ошол жолдорду ар кандай деңгээлдерде же болбосо категориясына жараша куруп асфальт төшөп ар кандай кичине жол көпүрөлөрдөн баштап чоң көпүрөлөргө чейин жол курулушун даярдап бүткөрүп эксплуатацияга берүү, жол куруу подряддык мекемелеринин иштери.

Ош шаарынын Ноокатка чейин жолудагы 2 жыл мурун заманбап талапка ылайык жакшы курулуп бүткөрүлгөн,бирок Ноокаттан баштап Бел-Өрүк, Көк-Жар кыштактарын аралап айдап жөнөгөндө жолдун тардыгы зээниңди кейитип, настроениеңди носкиге түшүрүп коёт, себеп дегенде союз учурунда курулган жолдун туурасы абдан тар болгондугуаз келгенсип, автоунаалар чексиз көбөйгөнүнө байланыштуу ал убактардан бери курулган жолдорго чуңкурлар пайда болуп, оюлуп тешилген, жарака асфальттар аркылуу катуу ылдамдык менен дагы жүрө албайсың, андан дагы кокустан КАМАЗ же башка чоң жүк көтөрүмдүү автомашиналар прицептерин сүйрөп алса ого бетер ал узун жүк ташуучу автомашиналарды аша албай андан бетер кыйналуу мына ошондо башталат, анысы аз келгенсип маңдайыңдан чыккан автомашиналар да каршы тилкедеги автомашина жолдорго чыгууга мүмкүнчүлүк да бербейт.

Кыскасы, Ош – Баткен – Исфана жолунун Ноокаттан баштап Бел-Өрүк, Көк-Жар аэ Кызыл-Кыя шаарына жетүү “Бут кийимдин тардыгы, жашооңдун жардылыгы” дегендей, ал жол менен кетип бара жатканда “тирүүчүлүктүн тозогу” деп атасак эч жаңылышпайбыз.

Ош шаарынан баштап, Ноокатка чейин жол жакшы бүткөнүнө эки жыл болсо дагы Ноокаттан ары Баткен облусу менен чектеш Кызыл-Кыя шаарынын Муниципалдык аймак департаментине караштуу 94,0 км. ден 114,0 км. ге чейин жол үч жылдан бери “Сенин жашың канчада” деп жашыңды сурап коет.

Ушул аралыктагы жол Кызыл-Кыя шаарынын карамагындагы жол, ошондуктан бул жерге Түркиянын “Чакыряпты” фирмасынынын демөөрчүсү Назар Бей келип, акча каражаттарын бөлүп берген, бирок тилекке каршы Кызыл-Кыя шаарынын Муниципалдык жол департаменти аркылуу келишимдер түзүлгөн. Бирок, ошол Кызыл-Кыя шаарынын Муниципалдык жол департаментинин жол курууда, подряддык иштерди аткарууда асфальт төшөөчү техника, автогрейдер ж.б. курулуш иштеринде колдонулуучу кубаттуу, габариттүү техникалары жок, ал Кызы-Кыя шаарынын генподряддык мекемеси “Алке” айласыздан ААК “Жагалмай”, “Кызыл-Ордо” деген субподряддык мекемелерине жол курулуш иштерин аткаруу үчүн келишимдерди түзүп берип ташташкан.

“ААК Жагалмай” субподряддык мекеменин жол мастери Жолдошов Каныбектин айтуусунда “Бизге подряддык жол курулуш иштерин аткарууда толугу менен убагында акча каражаттарын бербейт, курулуш иштери ошол үчүн токтоп калат, кээде жарым жылга чейин акча ала албай кыйналабыз, натыйжада мына ушул көрүнүш пайда болгон, курулуш иштерин аткарууда биздин бардык техникаларыбыз бар,” деген жүйөөлү сөзүн уктум.

Бирок, алар иштейин десе иши жок, аткарайын десе акчасы жок” бир аз чүйчүңдөтүп берип койгон акчаларына жолду кеңейте баштап, авто жол аралыктарын 94,0 км. ден 114.0 км. ге чейин мурунку салынган автожолдордун үстүнө габариттүү таштарды тизип ташташып, жанаша узатасынан кеткен жол тилкесинин деңгээлин атайы ылдыйлатып узатасынан кеткен жол тилкесин иштеп жаткан сыяктуу кыр көрсөтүшүп, анда-санда суу чачымыш болушуп негизги подряддык иштер токтоп турат.

Бир чети ушул жол менен кетип бара жатканда мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдар атайы көз жумдуга салабы же аларды мурун эле текшерип барышып, кыргызча айтканда “аке”, “жаке” деген сөздөргө атайы көнүп, алардын “убактылуу чай ичип туруң” деген сөздөрүнө көнүшүп, “бармактын башы ысып, пара алганбы” деп да өзүңчө айласыздан ойлонуп өтүп кетесиң.

Ушул жол менен жакында эле Кызыл-Кыя шаарына шифер заводу курулуп, ошол ачылышка КРнын Өкмөтүнүн Премьер-минстри Мухаммедкалый Абылгазиев Ошко чейин учуп келип, андан ары ушул 3 жылдан бери курулбай жаткан жол менен авто аркылуу бара жатканда ушул жолдун абалын көрүп; “Эмнеге бул жол бүтпөй жатат” деп сурады бекен же ал Кызыл-Кыянын ачылган заводуна бара жатканда ал жолду көрсөтпөй “атайы вертолет менен алып барганбы” деп да түрдүү күмөн ойлор менен өтүп кетесиң.

Жергиликтүү элдерден сурасак, ал “Чакыряпты” деген фирмасы бар түрк атуулу Назар Бей “кыргыздарды алдап качып кеткен” дешсе, бирөөлөр болсо “кыргыздар ар кандай иштерге так эмес экен” деп качып кеткен дешет. Кыскасы, бул жерде абдан көп сасык былык иштер бар, кимди ким алдаганы белгисиз, ал-абалды жөндөш үчүн атайы тергөө иштери же эсептөө палатасы аркылуу бул иштерди тактоо талап кылынаары айдан ачык иш болуп калды.

А. Оморов, “Санжыра” борборунун жетекчиси, тарых жаазуучусу, профессор.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: