ЖКнын бүджет жана каржы комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев (“Республика-Ата Журт”) 2020-жылы Улунттук энергохолдинг аталган жабдыктарга канча каражат коротору жөнүндө сурады эле, холдингдин башчысы Айтмамат Назаров мындай маалыматты так декабрда гана айта аларын, бирок 10 млрд сом кетерин белгиледи.
Депутат сырттан албай, 10 млрд сомду мамлекетте калтырууну белгилеп, “Силер өлкөдө чубалгы жана тансформатор чыгарган заводдор болот дегенсиз. Аларга буюртма кылса болбойбу?” деп сурады. Өкмөт башчы М.Абылгазиев азыр АСКУЭ эсептегичтерин коюу боюнча тендер жарыяланганын айтып, “Ореми” заводунун ишин баштоо каралып жатканын айтты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ