Menu

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы —  1-чакан программа боюнча гранттык макулдашуу ратификацияланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын   8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы —  1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Азия өнүктүрүү банкынын Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы соода жана инвестициялар чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана жумуш орундарын түзүү үчүн шарттарды түзүү жолу менен Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган.

Ушул макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына гранттык негизде 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берилет. Финансы каражаттары республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: