Кыргызстандын Кытай мамлекетине болгон карыз 1,7 млрд. долларды түзөт. Ал өлкөнүн ИДПсынан 30% түздү. Бул тууралуу Eurasianet Улуттук экономикалык изилдөө бюросуна (ШЕК) чыккан «Кытай мамлекетинин чет өлкөгө берген насыясы» аттуу макалага таянып жазды. Изилдөөдө Кытай астында карызы бар мамлекеттердин тизмеги жарыяланган. Тизмеде Кыргызстан Кытайга болгон карызы боюнча 5-орунду ээлеген. Тажикстан – 20, Түркменстан – 23, Өзбекстан – 40 орунда турат. Карыздын кайтарымы ар мамлекетте ар кандай жолдор менен ишке ашып келүүдө. Бир топ мамлекеттер Кытайга карызы үчүн жерлерин берген учурлары көп. Бул Кыргызстанды да түйшөлтпөй койбойт. Буга чейин Кытай карызынан кутулуу үчүн депутаттардан баштап, активист жана коомдук жарандар акча чогултуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Бирок, андан майнап чыккан эмес.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ