Menu

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда Нурсултан ш-на болгон жумушчу сапардын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды. Бул тууралуу КРнын ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Р.Казакбаев Кыргызстандагы кырдаал акырындык менен турукташып жана саясий процесстер укуктук талаага кайтып жатканы жөнүндө маалымдады, ошондой эле кыргыз тарабы бардык өзүнүн эл аралык милдеттемелерин толук карманарына жана бардык мурда кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерди катуу тартипте аткарарына ишендирди.

Казакстан тарабынын кооптонгондугун эске алуу менен, КР ϴкмөтү тарабынан казак инвестицияларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өлкөнүн мыйзамдарына ылайык зарыл чаралар көрүлөрүн өзгөчө белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транзиттик-логистикалык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казакстандык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдү белгилешти.

Тараптар COVID-19 пандемиясынын жайылышына биргелешип каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле коронавирустук инфекция пандемиясынын мезгилиндеги Кыргызстан менен Казакстандын социалдык-экономикалык кырдаалын талкуулашты.

Жолугушуунун аягында Казакстандын Президенти Кыргызстандын жаңы жогорку жетекчилигине куттуктоо сөзүн жолдоду жана анын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: