Menu

Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкек шаарындагы бир районго, аянтка жана тарых музейине ыйгаруу туура чечимби?

Бөлүшүү:

Чыныбай Турсунбеков, ЖКнын депутаты:

– Турдакун Усубалиевдин эмгеги абдан бийик. Ал татыктуу. Бул инсандын ысымын кыска өмүрлүү аттары бар: Биринчи Май же Октябрдын ордуна койсо болот. Ал эми келечекте бул маселени биротоло чечиш керек. Канчалаган өзүбүздөн чыккан инсандардын аттарын унутта калтырбашыбыз керек.

Курманбек Осмонов, коомдук ишмер:

– Бул туура демилге. Эмгеги сиңген адамдын ысымын эмнеге койгонго болбосун. Район, шаарлар, аянттардын мурдагы жана азыркы аталыштары деле тарыхый инсандардын ысымдарынан болуп жатпайбы. Мен туура демилге же чечим деп айтат йлем.

Тилек Токтогазиев, жеке ишкер:

Жер-суунун аттарын же райондордун аталыныш коюу атайын жоболордун негизинде жүргүзүлөт деп ойлойм. Мамлекетке кандай салым кошкону эске алынып көп тараптуу карала турган нерсе. Эгер кайсы бир инсандын атын кайсы бир жерге ыйгарууда жергиликтүү бийлик өзү чечиши керек. Бирок, ошол эле убакта референдум түрүндө карап чечсе да болот. Мындай жолго өтүүгө мүмкүнчүлүк жетет деп ойлойм.

Сабырбек Жумабеков, академик:

– Мен толугу менен колдойм. Турдакун Усубалиев Кыргыз тарыхында калган улуу инсан. Бул инсандын убагында көп жакшы иштер жасалган. Мындай адамдар кылымда бир жаралат деп эсептейм. Кыргыз элинин улут катары калыптанышына бул инсандын салымы чоң. Ошондуктан, мындай адамдардын ысымы өчүп калбашы керек!

Аида Исмаилова, ЖКнын депутаты:

– Турдакун Усубалиевдин атын тарых музейине же кайсы бир жерге ыйгаруу туура чечим. Менин оюмча көпчүлүк колдойт деп ойлойм. Бул туура чечим!

Өмүрзак Төлөбеков, жазуучу:

Кылган эмгегине карап айрым инсандардын ысымын район, аян, тоолорго ж.б жерлерге коюууга болот. Турдакун Усубалиевди убагында Бишкек шаарын гүлдөтүп, ири имараттарды курган деп айтып жатышат. Туура, курганы чын. Бирок ошол эле учурда жалгыз Бишкек эле эмес, Алматадан, Ташкент сыяктуу борбор шаарларда да ири курулуштар курулган. Менин оюмча Усубалиев Чүй жана Нарын облустарын жакшы карап, кызматка да ушул тараптан алганын жашырууга болбойт. Бул жагы да каралышы керек го деп ойлойм.

Дүйшөк Мамбетөмүров, журналист:

Турдакун Усубалиевтин атын борбордук аянтка бериш керек! Эски Өкмөт үйүнүн маңдайындагы Лениндин эстелигинин жанына бюстун койсо жаман болбос эле! Түзүлгөн мамлекеттик уюштуруу комиссиясы өтө жай баракат иштеп жатат.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: