Menu

Ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнө “шек саналып” жаткан Эркин Сопоковдун кызматтан кеткенин эки себебин ТИМ тизмектеп берди

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун кызматтан алынышы боюнча Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 12-ноябрда расмий маалымат таратты.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, Кытайдын жараны, ишкер Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден “Рендж Ровер» үлгүсүндөгү машина табылганын Эркин Сопоков түшүндүрүп бере алган эмес. «2019-жылдын октябрдын аягында Сопоков дипломатиялык номурду кайтаруу жана каттоо процедурасынын эрежесин бузуп, “Рамадан туризм” автосалонуна “Рендж Ровер” үлгүсүндөгү машинаны саттыруу үчүн берип койгон. Ал машина эмне себептен адам өлтүрүлгөн жерден табылганын түшүндүрө алган жок», – деп айтылат маалыматта. Бул биринчи себеби.

Экинчи себеби, иште кетирген катасы. Тагыраак айтканда, Э. Сопоков 2017-жылдын 17-апрелинде Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп дайындалган. Ал кызматтык милдеттерин так аткарбаганы үчүн ага чара колдонулган. Башкы консулдукта айдоочу болуп иштеген И.С.Хавазов экөө бир нече жолу жол кыймылынын эрежелерин бузган. Ушуга байланыштуу Сопоковго сөгүш жарыяланып, Хавазов жумуштан бошотулган. «Кызматтык милдеттерин так аткарбаны, «КРнын дипломатиялык кызматы тууралуу» мыйзамды жана Дипломатиялык байланыштар боюнча Вена конвенциясынын жобосун одоно бузганы үчүн Эркин Сопоковду кызматынан бошотуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама берилген. Ошондой эле Сопоков 2017-жылы бирдиктүү салык декларациясын өз убагында берген эмес”,-деп жазылган маалыматта.

Эске сала кетсек, жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багынан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Эркин Сопоковдун да аты аталган. Бирок ал журналисттердин суроосунан качып, жооп берүүдөн баш тартып келген.

Ал бүгүн ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулду.

Аны менен катар бүгүн Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин чет элдик журналисттер жазып чыкты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: