Казакстанда 2005-жылы туулган балдардын арасында 4-10-ноябрда Arystan cup 2019 турнири болуп өттү. Ага Казакстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан, Орусиядан жана Кореядан 16 команда катышты. Кыргызстандын атынан «Дордой» (Бишкек), ДЮСШ ИЗВС (Кант) жана «Илбирс» (Бишкек) командалары катышты.
«Дордой» С тайпасында ойноп, 2-орунду ээлеп, чейрек финалга чыга алды. “Кайрат” (Алматы) командасына 2:0 утулуп, өзбектердин “Бунедхор” жана казактардын “Кайрат F-1” командаларын 3:0 эсебинде уткан.
Чейрек финалда өзбектердин “Пахтакорун” 1:0 эсебинде, жарым финалда Алматынын “Алаш” клубун да 1:0 эсебинде утуп, финалга чыга алды.
Финалда корейлердин “Хвасунг” клубу менен беттешип, 1:0 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болушту. “Дордойдун” оюнчусу Рауф Асинов турнирдин эң мыкты оюнчусу аталды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ