Menu

Дилкумар Жолдошева, ырчы: Түгөлбай Казаковдун “Насыйкат” деген ыры элге көбүрөөк таанытты

Бөлүшүү:

Дилкумар Жолдошева Сузак районундагы Багыш айылында 1979-жылы 6-майда төрөлгөн. Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктаган. Окуучулук мезгилинде Октябрь айылындагы музыкалык мектептен белгилүү комузчу Токтомат Осмоналиевдин колунда 5 жылкомуздан билим алган. ЖАГУнун чет тилдер факультетин аяктап, англис тилинен мугалимдик кесипке ээ болгон. Эмгек жолун Кыргызстан эл аралык университетине мугалим болуу менен баштаган. Эки кыз, эки уулдун апасы.

КЕСИП ТАНДОО ЖАГЫНАН АПАМДЫ ДА, АТАМДЫ ДА КАПА КЫЛГАН ЖОКМУН”

– Англис тилинен мугалим болгон кесиптин ээси болгонум менен жан дүйнөмдөгү талант, ырга болгон кызыгуу мени ырчылыкка ыктатты. Анын үстүнө ырчы болушума атамдын да таасири күч болду. Атам Сабыржан Жолдошевдун сөзүнө, обонуна жазылган ырларды көп ырдадым. Керек болсо, мен аткарган дастандардын көбүн атам жазып берчү. Негизи кесип тандоо жагынан атамды да, апамды да капа кылып, таарынткан жокмун.

АПАМДАЙ АНГЛИС ТИЛ МУГАЛИМИ БОЛСОМ, АТАМДАЙ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК АДАМ БОЛДУМ

Мен бир жанрдагы ырларды ырдоо менен эле чектелбейм. Бирде эстрада жанрында ырдасам, бирде элдик, фольклордук чыгармаларды ырдайм. Дастан айтам. Менин жылдызымды жандырып, элге тааныткан чыгармалардын алдыңкы сабында Түгөлбай Казаковдун “Насыйкат” деген чыгармасы турат.

“КУДАЙДЫН БУЙРУГУ МЕНЕН ФИЛАРМОНИЯГА ЖЕТЕКЧИ БОЛУП КАЛДЫМ”

– 2003-жылы университетте иштеп жүрүп, Жалал-Абад облусундагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияга ишке кирдим. Кудайдын буйругу менен бир жарым жылдан бери филармонияга да жетекчи болуп калдым. Жетекчи болгондон кийин бир жаатта эле иштейин деп ЖАГУдагы мугалимдикти таштап, маданияттын майын чыгара иштейин дедим. Жаңы жетекчи болгондо эркин эле ырчы болуп жүрө бербепмин деген да күндөр болгон. Бирок, намыстандым. Мойнума илинген жоопкерчиликти сезип, түйшүктүү тартсам да, ишти илгерилетүүгө аракет кылдым. “Кандай жол менен өнөрпоздорду ийгиликке жеткиребиз. Кандай болгондо маданиятыбыз көтөрүлөт”- деген маселелердин алкагында иштейм, изденем. Бекер эле жетеки болупмун – деген убак артта калды. Буюрса, чыгармачыл топ менен бирге ийгиликтерди жаратып жатабыз. Кечээ жакында эле Казакстандын Атырау деген шаарында өткөн күү атасы Курмангазынын 195 жылдыгына арналган иш чарага “Мөлмөл” эстрадалык оркестри менен барып, катышып, лауреат болуп келдик. Ошондой эле бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып, келин алууну көрсөтүп 3-орунду ээледик. Акчалай сыйлык, компьютер, түрдүү сертификаттар менен сыйландык. Буюрса, ийгиликтерди эмгек жамаатыбыз менен чогуу багынтып жатабыз.

Англис тил билгенимдин пайдасын, чет мамлекетке гостролго чыкканда анан филармониянын ишин илгерилетүү үчүн инвестор, демөөрчү издегенде көрүп жатам.

“МЕНИН ЖОЛУМДУ ЖОЛДОЙМ, ЫРЧЫ БОЛОМ ДЕГЕН БАЛДАРЫМ БАР”

– Жолдошум экөөбүз турмуш курганыбызга 20 жыл болду. Эки кыз эки уулдуу болдук. Колубуздан келишинче балдарга татыктуу тарбия бергенге аракет кылабыз. Балдарды бош койбойбуз. Түрдүү кружокторго, ийримдерге катышып турушат. Мени тартып, ырдайм, форма тиктирип бер, ыр жаздырып бер деп талап кылышат. Мени тартып, бир уул, бир кызым ырга, бийге шыктуу.

“БОШ КҮНДӨРҮ БАЛДАРЫМДЫН ЖАКШЫ КӨРГӨН АШ МЕНЕН КУУРДАК ЖАСАП БЕРЕМ”

– Көп учурда балдарым, жакындарым жакшы көрүп жеген тамактарын жасоого чамам жетпей калат. Анткени, убактым өтө эле аз. Көп учурда жумушта, гостролдо, анан тойлордо болом. Бирок, убактым болгон күндөрү балдарымдын, жакындарымдын жакшы көргөн ашы менен куурдагын жасап берип кубантам.

Чынайым Кутманалиева

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: