Эртең, 14-ноябрда Кыргызстан менен Япониянын футбол беттешинде айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, футбол башталганга чейин, саат 14.00дөн тарта Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин; Фрунзе көчөсү — Исановдон Орозбеков көчөсүнө чейин; Абдумомунов көчөсү Эркиндик проспектисинен Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат. Ошондой эле ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барат.
Эске сала кетсек, Футбол федерациясы билеттердин бардыгы сатылып бүткөнүн, стадионго батпай калган күйөрмандар үчүн атайы фан-зона ачылганын билдирген.
11-ноябрда Жапониянын футбол боюнча курама командасы жана өкүлдөрү Кыргызстанга учуп келишкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ