Menu

Юрий Московский: “Кыргыздардын орус тилин жакшы билгени аларга жакшы жардам берет”

Бөлүшүү:

Россиянын Москва шаарынын өкмөтүндөгү улуттук иштер боюнча Кеңештин миграция маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Юрий Московский vb.kg маалымат булагына маек куруп, анда миграциялык мыйзамдардагы өзгөртүүлөр тууралуу айтып, Россия жергесиндегы кыргыз мигранттар үчүн артыкчылыктар жөнүндө да сөз кылды.

-Юрий мырза, Россиянын коомдук турмушуна Кыргызстандын жарандары да катышып келеби?

– Ооба, бул өлкөдөн келгендер россиялык коомдун активдүү бөлүгүн түзүп калышты. Эмгекте гана эмес, коомдук, маданий чөйрөлөрдө да активдүүлүктөрүн көрсөтүп келишүүдө. Биз кыргыз диаспоралары менен тыгыз иш алып барабыз. Жакында мен «Кыргыз биримдиги» – «Кыргызское единение» деген ири кыргыз диаспорасы өткөргөн форумга катышып, анда сөз сүйлөдүм. Аз күн мурда болсо Москва өкмөтүнүн Чоң концерттик залында өткөн кыргыз маданияты кечесине катыштым. Эсте каларлык окуя болду, ага катышкандардын бардыгы оң эмоцияларга ээ болушуп, эс алышып, чер жазышты десем болот.

– Россиянын борборунда бул диаспоранын бүгүнкү күндөгү саны канча? Ар кайсы маалыматта ар кандай сандар айтылып келет, жарым миллиондон 1,5 миллионго чейин экендигин айтылат…

– Москвадагы, Россиядагы кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар чыны менен эле ар кандай. Тактоону талап кылат. Ошол себептен улам мен жогоруда аталган форумда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандын жарандарын эл каттоого катышууга чакырдым. Эл каттоо кийинки жылы өтөт. Анда эмгек мигранттарынын да эсеби алынат.

– Сиздин оюңузча, Кыргызстандан баргандар кандай көйгөйлөргө туш болушат?

– Өзгөчө деле көйгөйлөрү жок. Кыргыздар орус тилинде жакшы сүйлөшөт. Бир жыл-дан бери англис тилин үйрөнүп жатышкан россиялык студенттерден жакшы сүйлөшөт. Көптөгөн кыргыздар үчүн орус тили экинчи тил болуп эсептелет, бул аларга ишинде, турмуштарында жакшы жардам берет. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан бери жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандарынын да көйгөйлөрү Россия жарандарыныкындай эле. Анткени, жумушка орношууда бирдей тартип, эрежелер каралган. Албетте, жумуш берүүчү анда чет элдик жаран иштей турганын маалымдап коюшу керек. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын жарандары менен болгон көйгөйлөр да жок эмес.

– Ал кандай көйгөйлөр?

– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келгендер иш жүргүзүү үчүн патент алуу зарылчылыгынан бошотулган, бирок башка талаптарды аткарышы абзел, кээ бир кыргызстандыктар салык төлөөдөн качышат. Буга кошумча атайын медициналык кароодон өтүшпөйт. Милдеттүү кароодон өткөрүлүп турган мекемеде иштегендер гана өтүп турушат. Бул эми алардын эмес, Россия тараптын көйгөйү болсо керек, билдирме маалыматтар (справка) ар кандай жолдордо берилет да. Билдирме маалыматтар колунда болсо да, ал адам медициналык кароодон өткөн дегенге кепилдик жок. Ошондуктан бул чөйрөдө мигранттарга карата эле эмес, россиялыктардын өздөрүнө карата да тартип, эрежени камсыз кылуу зарыл.

Которуп даярдаган “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: